У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аксыда 255 орундуу жаӊы мектеп ачылды

 
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүндө 255 окуучуга эсептелген Жеңижок атындагы №9 жаңы мектеп окуучуларга эшигин ачты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Мектептин ачылышына министр Болотбек Купешев жана министрликтин статс -катчысы Калысбек Шадыханов катышты.
 
Министр мугалимдер жамаатын жана окуучуларды жаңы мектептин ачылышы менен куттуктады.
 
Иш -чаранын жүрүшүндө министр баштаган жетекчилер жаңы имарат менен таанышты.
 
Жаңы эки кабаттуу мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Курулуш 2019 -жылдын март айында башталып, ушул жылдын октябрь айында аяктаган. Курулушту «ПГС-ВЕК» курулуш компаниясы жүргүзгөн.
 
Учурда мектепте 465 окуучу билим алат.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter