У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Индияда 70 жаштагы аял көз жарды


 
 Индияда 70 жаштагы аял экстракорпоралдык уруктандыруу (ЭКУ) аркылуу уулду болду. Бул алардын тун уулу. Бул тууралуу «Loop News» жазды. 
 
70 жаштагы Живунбен Рабари менен анын 75 жаштагы күйөөсү Малдхаринин бао кошконуна 45 жылдай болгон.  Алар ушул жыл аралыгында балалуу болуу үчүн көп аракеттери көрүшкөн, бирок жыйынтык болгон эмес. Акыркы жубайлар репродуктивдүү медицинага кайрылууну чечишкен.
 
«Алар бизге жаңы келгенде, биз бул куракта балалуу боло алышпай турганын айтканбыз. Алар биз менен макул болбой, бизден талап кылышты. Алардын үй -бүлө мүчөлөрүнүн көбү ЭКУ жолу менен балалуу болушканын айтышты. Бул мен көргөн сейрек учурлардын бири ", - деди дарыгер Нареш Бханушали.
 
Жубайлар Индиянын Гуджарат штатынын Кемора айылында жашашат. Күйөөсү да, аялы да жаза албайт жана окуй албайт. Аялдын жанында жашын тастыктоочу паспорту да жок болгон, бирок туугандары ал чынында 70 жашта деп дарыгерлерди ишендиришкен.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter