У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түнкү клубдан үйүнө алып келип зордуктаган. Мурдагы милиция кызматкери жашы жете элек кызды зордуктоого шектелип кармалды


 Ош шаарында 15 жаштагы кызды зордуктоого шектүү адам кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
 
Шаардык милициянын маалыматы боюнча, криминалдык милиция кызматкерлери жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү катары 1996 -жылы туулган Ош шаарынын тургуну О.уулу Э. кармашкан.
 
Маалыматка ылайык, шектүү адам 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү саат 01:00 чамасында шаардын түнкү клубдарынын биринде 2006-жылы туулган жабырлануучу менен таанышкан. Алар саат 03:00 чамасында оюн -зоок жайынан чыгып, шектүүнүн машинасы менен Анар кичи районундагы үйүнө барышкан. Үйүндө шектүү күч колдонуп, 15 жаштагы кызды зордуктаган. 
 
Кыздын айтканына караганда, шектүү кызга бычак такап, коркутуп, күч колдонуу менен зордуктаган.
 
Соттук -медициналык экспертиза зордуктоо фактысын тастыктаган. Кармалгандан кийин шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шаардык соттун 14 -октябрдагы чечими менен шектүү 1 айга камакка алынган.
 
Сотко чейинки өндүрүш Кылмыш -жаза кодексинин 161- беренесинин 3 -бөлүмү ("Зордуктоо") менен башталган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө. 
 
 Шектүү мурда ички иштер органдарында, Ош облусунун ички иштер бөлүмүндө иштегени маалым болду. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter