У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Апасына таарынган. Жалал-Абадда 8-класстын окуучусу дары ичип каза болду


 Жалал-Абад шаарында 8-класстын окуучусу дарыга ууланып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, өспүрүм кыз ооруканага 29 -сентябрда эс -учун жоготуп түшкөн. Ал 12 күн реанимацияда жатып, каза болгон. Маркумдун апасы кант диабети менен ооруганы, кыз үйдө эч ким жок болгондо апасынын дарысын ичип алганы маалым болгон. 
 
Кызды ооруканага 29 -сентябрда саат 11:00 чамасында эс -учун жоготкон абалда алып келишкен. Ал дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Адатта, кандагы канттын деңгээли 3,3-5,5 ммоль / л болушу керек болсо, кыздын канындагы канттын көрсөткүчү 0,0гө түшүп кеткен. 
 
Каза болгон сегизинчи класстын окуучусу 14 жашта болчу. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал апасына таарынган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter