У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Индияда кыргызстандык кош бойлуу келин менен бир жашар уулу киши колдуу болуп каза тапты


21-сентябрда эртең менен Индиянын Нью- Дели шаарындагы Какажи районундагы үйлөрдүн биринен 28 жаштагы кыргызстандык келин менен анын бир жаштагы уулунун сөөгү табылган. Полиция 28 жаштагы Мыскал Жумабаеванын беш айлык боюнда бар экенин жана уулу Манас экөө досунун батиринен бир нече жолу бычактан алган жаракаттары менен табылганын билдирген. Бул тууралуу «The Indian Express» басылмасы жазып чыккан.
 
Басылманын маалыматына ылайык, киши өлтүрүү фактысы катталды, бирок полиция азырынча эч кимди кармай элек. Милициянын улук офицери бир нече адам суракка алынып жатканын жана алар ар кандай версияларды айтып жатышканын билдиргенин жазды.
 
Ал эми полициянын айтымында, 20-сентябрь күнү кечинде Мыскал күйөөсү Винай Чаухандын ортосунда уруш чыккан. Уруштан кийин жолдошу досу Вахид менен жолугуу үчүн үйдөн чыгып кеткен. Бул арада Мыскал курбусу Өзбекстандын жараны Матлюба Мадусмонова менен байланышып ичинин ооруп жатканын айткан. Ал таанышы менен Мыскалдын үйүнө келип, аны ооруканага алып барган. Ооруканадан кийин Матлюба Мыскалды баласы менен үйүнө алып кеткен. Маркум менен анын бир жаштагы уулунун сөөгү 21-сентябрда эртеӊ менен ошол курбусунун үйүнөн табылган.

Мыскал Жумабаева менен Винай Чаухандын турмуш курганына эки жыл болгон. 
 
Учурда был факты боюнча тергөө иштери жүрүп, маркумдун жолдошу жана бул ишке тиешеси бар дегендер сурак берип жатканын полициядан басылмага билдиришкен. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter