У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мирлан Жакыпов: «Көмүрдүн баасы 1 тоннасына 1330 сомду түзөт»

 
Кара- Кече көмүр кенинде көмүрдүн баасы 1 тоннасына 1 миң 330 сомду түзөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында “Кыргызкөмүр” ишканасынын директору Мирлан Жакыпов билдирди.
     
Анын айтканына караганда 2021- жылдын октябрь айынын башынан тарта калкты көмүр менен камсыздоо башталат.
 
«Кара-Кече кенинде көмүрдү казуу иштери башталды. Октябрь айынын башынан тарта элди көмүр менен камсыз кыла баштайбыз. Көмүр жок экен, баасы өсүптүр деген сөздөр чыгып жатыптыр. Бул чындыкка туура келбейт. Болгону азыр ортомчулар көмүрдүн баасын көтөрүп жатат. Биздин ишкана ишти баштаса көмүрдүн баасы түшөт. Дүрбөлөӊгө түшпөй туруӊуздар, көмүр бар. Баарына жетет”, - деди ал.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter