У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Сот Айзада Канатбекованын өлүмүнө айыпталгандарга өкүм чыгарды

 

 Бүгүн, 14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча кылмыш иши каралып, отурумда сот беш кишини күнөөлүү деп таап, аларга өкүм чыгарды. 
 
Судья Салтанат Эсенкулова өкүмдү окуду, ага ылайык бардык айыпталуучулар күнөөлүү деп табылды.
 
Замирбек Раманкулов менен Кубаныч Токон уулу 6 жыл 6 айга эркинен ажыратылды. Ажыкабыл Рысбай уулу, Сыймык Молдосариев жана Орузбек Нурумбетов 7 жылга эркинен ажыратылды. Булар Айзаданын өлүмүнө катыштыгы бар деп табылган. 
 
Ошондой эле айыпталуучулар моралдык жана материалдык чыгым катары Айзаданын жакындарына 100 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилген. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter