У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мурас- Ордодогу каргашалуу окуя. Инисин өлтүрүүгө шектелген өспүрүмгө өкүм чыкты


 Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту инисин өлтүрдү деп айыпталган С.у.А.га карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. 
 
Маалыматка ылайык, өспүрүмгө сот өкүмү 9-сентябрда чыккан. Соттун чечимине ылайк, ал КР Кылмыш -жаза кодексинин 131 -беренесинин 2 -бөлүмү (Аффект абалында киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылган. Ал 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
 
Кыргыз Республикасынын Кылмыш -жаза кодексинин 111 -беренесине ("Пробация көзөмөлүн колдонуу менен жазадан бошотуу") ылайык, өспүрүм үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулган.
 
«С.у. А. эркинен ажыратуу жазасын өтөөдөн бошотулду. Ага үч жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл дайындалды», - деп айтылат маалыматта.
 
Эске сала кетсек, 17-мартта Мурас-Ордо конушунда киши колдуу болуп каза болгон 13 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү өз үйүндө табылган. Маркумду өлтүрүүгө бир тууган агасы шектелип кармалган. Көрсөтмө учурунда ал иниси менен уруша кетип, аны бычак менен сайып жибергенин мойнуна алган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter