У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Баткенде жол кырсыгынан эки адам каза болуп, жетөө жаракат алды


 Баткен облусунун Лейлек районунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
Анын айтымында, 12-сентябрда Исфана-Кайрагач унаа жолунун 13-чакырымында Honda Stepwgn менен Honda Fit сүзүшкөн. 1991-жылы жана 1978 -жылы туулган эки адам жол кырсыгынын курмандыгы болушкан. Ал эми дагы жети, анын ичинде 2012-жылы жана 2015 -жылы туулган эки бала ар кандай жаракаттарды алышкан.
 
Жабыркагандар Сүлүктү шаарындагы ооруканага жеткирилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter