У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Аксыда 7 адам сибирь жарасын жуктурууга шектелип ооруканага түштү


Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жүзүмжан айылында күйдүргү оорусуна шектелген 7 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. 
 
Маалыматка ылайык, малды 26 -августта союшкан. Союлган уй он бир бөлүккө бөлүгөн. Уйду союуга 3 киши катышкан, ичеги -карынын 4 аял жууп-тазалаган. Мал союуга катышкан 7 адам ооруканага кайрылган. Алардын бешөөнүн анализи таза чыгып, экөөнүн анализинен сибирь жарасынын белгилери табылган.
 
Өлгөн уйлар бардык санитардык талаптарды сактоо менен көмүлгөн. Ветеринарлар андан ары лабораториялык текшерүү жүргүзүү үчүн үлгүлөрдү алышкан. Малдын өлүмүнүн себептери азырынча белгисиз.
 
 Ылаӊ чыккан айылда 7 уй өлгөнү айтылды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter