У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Лайли Үкүбаева, филология илимдеринин доктору профессор: "Илимдер академиясын базарга айлантышты"

 
«Оосурган кыз оосурбаган кыздын бетин тытат»
                                                                                     Кыргыз эл макалы
Ушул макалдагы сыӊары КРнын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик М.С. Жуматаев 5-августта өткөн Академиянын академиктерин жана корреспондент-мүчөлөрүн шайлоонун жыйынтыгы боюнча «Кыргыз Туусу» газетасына берген маегинде (24-август, 2021) шайлоодо өтпөй калган талапкерлердин (анын ичинде мен дагы бармын) бетин колунан келишинче «тытып», «боктогон» экен. Ал кишинин пикири боюнча: «эми ушундай талапкерлер көздөгөн максатына жетпей калып, нааразычылыктарын билгизип, академиктерди, академияны жаманатты кылып, көрүнгөн массалык маалымат каражаттарына субьективдүү терс пикирлерин жарыялап жатышканына өзүӊүз деле күбө болуп жатасыз го…», «Алар башкаларды күнөөлөбөй кемчиликтерди өздөрүнөн издеп көрүшсө болмок». Кеп эмес бекен! Бул шайлоодо калыстык, биз күткөн академиялык чынчылдык болбогондуктан, илимий көрсөткүчтөрү жогору, эл-журтуна эмгеги менен таанымал болушкан мыкты илимпоздорубуздун бир даары «жыдып», алардын ордуна илимге кошкон салымдарынын чамасы чакталуулары өтүп кеткени чындык. Алар боюнча буга чейинки МККда көп эле пикирлер айтылды. Алар тууралуу алдыда дагы далай сөз болор. Мен эми башканы коюп өзүм тууралуу сүйлөйүн.
 
Кыргыз илимдер академиясынын президенти, айрым бир академиктери, мүчө-корреспонденттери ушул жашка келгичекти эли-журтума, Ата-Мекениме жасаган илимдеги ак эмгегимди тебелешип, бир паста «көр сокурга» айланышып, илимде аты бар заты жок Ж.Бакашованы мүчө-корреспонденттикке шайлап жатышса анан мен М.Жуматаев мырзанын логикасы боюнча аларга нааразы болбой, ыраазы болуп, ырахмат айтышым керек экен да! Чындыкты сүйлөп МККга маек бергеним академияны жаманатты кылган субьективдүү пикир болуп калат экен. Ал эми бийликке кошомат кылып, Ж.Бакашованы шайлаттырган М.Жуматаевдин иштери обьективдүүлүк экен.
 
Мен пайгамбар жашынан өтүп, 50 жылга чамалуу жаштарга тынымсыз билим берип, аларды адилет, ак ниет болууга тарбиялап келаткан педагог-окумуштуумун. Жашоомдо туу тутканым адилеттүүлүк, принципиалдуулук. Менин бул сапаттарымды кудайга шүгүр,шакирттерим, кесиптештерим бүт билишет. Эч убакта калп айтып, сөзүмдү талаага чачкан жан эмесмин. Эми мынча болду, ачуу чындыкты бардыгыӊыздар билиӊиздер. Ар кимиӊиздер ким обьективдүү, ким субьективдүү экендиги боюнча жыйынтык чыгарып, пикир айтыӊыздар.
 
КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиктерди жана мүчө-корреспонденттерди шайлоо боюнча иштеп чыккан «КРИТЕРИЙЛЕРИ» бар (тилекке каршы аны шайлоо башталганда президент баш болуп унутуп калышат экен). Ал критерий академиянын Президиумунда бекиген. Иштеп чыгып, кол койгондор: 
1. Жайнаков А.Ж. – академик (төрага)
2. Токтомышев С.Ж. – академик (төраганын орун басары)
3. Мамытов М.А. – академик, мүчө
4. Какеев А.Ч. – академик, мүчө
5. Мурзубраимов Б.М. – академик, мүчө
6. Асанканов А.А. – мүчө-корр., мүчө
7. Ашимов И.А. – мүчө-корр., мүчө
8. Кожогулов К.Ч. – мүчө-корр., мүчө
9. Мавлянов А.С. – мүчө-корр., мүчө
10. Мусаев С.Ж. – мүчө-корр., мүчө
11. Нургазиев Р.З. – мүчө-корр., мүчө
12. Дженбаев Б.М. – баш окумуштуу катчы
13. Пиримбаев Ж.Ж. – т.и.к.(катчы)
 
Мына ушул «Критерийдин» КРнын УИАнын мүчө-корреспонденттигин шайлоо боюнча жалпы Жобосунда мындай деп жазылып турат: мүчө-корреспонденттикке илимдин доктору, профессордук илимий наамы, илимий мектеби бар, илим-изилдөө иши менен профессионалдуу иштеген, илимди чоӊ илимий эмгектери менен байыткан КРнын атуулу шайланат.
 
1. Мен, ф.и.д., профессор Лайли Үкүбаева, 45 жылдан ашуун убакыт ЖОЖдордо үзгүлтүксүз иштөө менен илимий-изилдөө иштерин тынбай жүргүзүп келем.
    Менин атаандашым ф.и.д., профессор Ж.Бакашова ЖОЖдордо тийди-качты эмгектенип, көбүнесе башка кызматтарды аркалаган. Ал эми акыркы 15 жыл ичинде А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада директор болгон. Китепкана илимий мекеме деп эсептелбейт. Ж.Бакашова профессорлук наамды шайлоо болордун алдында гана т.а. 2021-жылдын 29-апрелинде алган (анын легитимдүүлүгү да шек жаратат). Мен, 2001-жылдан тартып профессормун.
 
2. Ж.Бакашованын болгону 3 аспиранты бар. Бул анын илимий мектеби бар дегендикке жатпайт.
     Профессор Л.Үкүбаеванын 1 доктор, 10 кандидаты, 8 PHd доктору бар. Бул илимий мектеби бар деген талапка жооп берет.
 
2.Ж.Бакашова кайсы чоӊ эмгектери менен кыргыз адабият таануу илимин байытат? Болгону кандидаттык, докторлук диссертацияларынын материалы боюнча жарыялаган 2-3 эмгеги бар.
 
Профессор Л.Үкүбаева – Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы, жазгыч акындардын чыгармачылыгы, кыргыз адабиятынын тарыхы, азыркы адабий процесс ж.б. багыттарда жазылган 18 фундаменталдуу изилдөөлөрдүн автору.
 
«Критерийдин» жобосунда эксперттик комиссия шайлоодо талапкерлердин: 1) илимий жетишкендиктерин, 2) илимде таанылгандыгын, 3) илимий-педагогикалык жогорку квалификациялуу кадрларды даярдагандыгын эске алышы керек деп бакыйып жазылып турса да, М.Жуматаев түзгөн эксперттик комиссия (академик Т.Садыков, мүчө-корреспондент Э.Мамбетакунов, Ш.Мусакожоевдер иштеген) тарабынан эске алынган эмес! Коюлган талаптарга жооп бербегендиги үчүн Ж.Бакашованы шайлоого кое бербештери керек эле анын ордун комиссия бармак басты көз кысты   кылып, шайлоого мени менен катар кое беришкен.
    
«Критерийлердин» талаптарындагы эӊ негизгилерине токтолуп, ачыктоого мажбурмун.
 
2.«Илимий жетишкендик» деген пунктун. 2.1. Илимий ачылыш, эмгектеринин баалуулуктары боюнча коомчулук тарабынан тастыкталган пикирлердин болушу (2ден кем эмес) деген талап турат. Ж.Бакашованын бир теманын тегерегиндеги кайталанган 2-3 эмгеги боюнча канча пикир бар экенин бир кудай билбесе, мен кездештирген эмесмин. Кудайга шүгүр, менин илимий эмгектеримдин нарк-насили боюнча улуттук адабияттаануу илиминин көрүнүктүү өкүлдөрү К.Асаналиев, К.Даутов, А.Садыков, А.Акматалиев, С.Искендерова, К.Абакиров ж.б. кеӊири жазылган пикирлери эбак эле жарыяланган (алар документте көрсөтүлгөн).
 
«Критерийдин» 2.4. пунктунда талапкердин жетишкендиктери  илим боюнча эл аралык, КРнын Илим жана Техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгы менен белгилениши эске алынат деп турат. Ж.Бакашованын илимдеги жетишкендиктери мындай сыйлыктар менен белгиленген эмес. Профессор Л.Үкүбаева КРнын Илим жана Техника жаатындагы Касым Тыныстанов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси (2010).
 
«Критерийдин» 2.5. пунктунда 5тен кем эмес эмес (монография, окуу китеби) ЖОЖдор үчүн окуу куралы болушу талап кылынган.
 
Ж.Бакашованын жогорудагы 3 китебине журналисттер үчүн жазган «Основы этножурналистики» аталышындагы окуу куралын кошкондо 4 китеби бар, жалпы көлөмү 45 б.т. экен. Профессор Лайли Үкүбаеванын 18 китеби бар. Алардын бардыгы бүгүнкү күнү ЖОЖдордо,илимий изилдөө иштеринде (Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде) колдонулууда.
 
2.5. пункт. Илимий макалалар 75тен кем эмес (алардын ичинде чет мамлекетте жарыяланганы) болушу керек деген талап коюлган.
 
Ж.Бакашованын 30га жетпеген илимий макаласы бар. Л.Үкүбаеванын адабиятын ар кыл темасына, проблемасына арналган (Кыргызстан, Россия, Түркия, Кытай, Казакстанда) 200дон ашык илимий макалалары жарык көргөн.
 
«Критерийдин» 3. Илимий мектеп» деген пунктунда 3.3. Талапкердин илимдин 1 докторун, 5тен кем эмес кандидатын чыгаруусуна талап коюлган. Ж.Бакашова илимдин 3 кандидатын чыгарыптыр, анын экөө «Журналистика» адистиги боюнча жактаган. Ал талапкерлигин койгон «Адабият» адистиги боюнча бир гана кандидат даярдаган. Доктору жок. Профессор Л.Үкүбаева «Адабият» адистиги боюнча 1 доктор, 10 кандидат, 8 PHd доктор даярдап чыгарган. Алар Кыргызстанда, Кытай Эл Республикасында, Түркияда иштеп, доцент, профессор болушту.
 
«Критерийдин» негизги талаптары ушулар. Урматтуу Эл-Журт! Ж.Бакашова экөөбүздүн илимдеги жогорудагыдай кескин айырмалуу көрсөткүчтөрүбүздү көргөӊүӊүздөрдөн кийин, академиянын президенти жогорудагы берген маегинде айткан, «Шайлоодо утуп чыккан талапкерлер негизинен илимий чөйрөгө кеӊири таанылып, илимге алып келген жаӊылыгы бар, илимде өз орду, аты бар окумуштуулар десек болот. Алар төбөсү көрүнүп калган адамдар. Аларды элге тааныштыруунун кажети деле жок» деп чыгарган бүтүмүн өзүӊүздөр таразалаӊыздар. Бул маселеде ким «субьективдүү дооматтарын айтып жатат?» Академия эмгегиме «түкүрүп», мен жана мен сыяктуулар аркылуу бүтүндөй илимди тебелеп-тепсеп, ыплас, өтө жийиркеничтүү шайлоо өткөргөндүгү үчүн мен «башкаларды күнөөлөбөй, кемчиликти өзүмөн издешим керекпи? Менин кемчилигим кайсы? М.Жуматаев уялып, бети чымырап да койбостон ,«бардык академиктер, корреспондент-мүчөлөр катышкан чоӊ жыйында өтпөй калган талапкерлер дооматтарын арай көз, чарай кылып, ошол академиктердин көзүнчө жүйөлүү сөзү болсо айтышса болот эле да. Тилекке каршы аз добуш алган бир да талапкер антип ачык айтып чыкканга даай алышкан жок. Анан эмне үчүн мага добуш бербей койдуӊар? - деп кантип сурайт. Бул маданияттуу, нарктуу адамдын жасай турган иши эмес» – дептир.Шайлоонун шарты боюнча шайлоонун алдында жана жыйынтыгында шайлоочулар менен шайлануучулар жалпы катышкан чогулуш өтөт. 2010-жылы өткөн шайлоодо ошондой болгон. Бул жолу М.Жуматаев түшүндө эле чогулуш өткөрбөсө, чогулуш өттү деп эч ким уккан жок. Чогулуш болор бекен деп талапкерлер моюнубузду созуп ошол жерде күтүп отурбадыкпы, тооба!
 
Академиядагы 5-августтагы өткөн шайлоонун шайтан оюндары боюнча алдыда айтыла турган сөз али көп. Бул жолу «Оосуруп салып, оосурбаган кыздын бетин тытып, сен күнөөлүүсүн деп акчыланып жаткан президент М.Жуматаевдин «Кыргыз туусуна» берген маеги боюнча гана азыноолак кеп кылдым. Ал эми шайлоонун жыйынтыгы боюнча жогорудагы айтылган пикирлеримди жыйынтыктасам, 5-августта өткөн шайлоодо атайын кабыл алынган. «Критерийлерге» караманча көӊүл бөлүнгөн жок. Ж.Бакашованын документтериндегидей көрүнүш шайлануучулардын кыйласында эле кезигерине бөркүмдөй ишенем. Андыктан бүгүнкү күндө шайланган жаӊы академик, мүчө-корреспонденттердин документтерин дыкат текшерүү керек деп эсептейм. Өткөндөрдүн арасында «8 аспирант чыгардым» деп жалган маалымат берген «Тарых» адистиги боюнча мүчө-корреспондент болгон Чолпон Койчуманованын «тарыхы» да айтылган пикиримдин ачык далили боло алат.
 
Ушундай очойгон тескери фактылардын бар экенин эске албай, М.Жуматаевдин жапжаӊы өткөн академиктеринин бири ак өпкөлөнүп, «өтпөй калгандар кыйынсынып жүрүшөт. Базарга барса "ар ким сүйгөнүнө салам берет" дейт. Ким каалаганын шайлап алат да» деп жүрөт экен. Академиядагы шайлоо илимий жетишкендиктердин жарышы. Ал базар эмес! М.Жуматаев жетектеген академиянын айрым бир академиктери, мүчө-корреспонденттери аны унутушуп, (түшүнүктөрүнүн жеткен чеги ушу болсо кантсишсин) академияны базарга айлантышып, «сүйгөндөрүнө салам беришип» шайлап алышкандары үчүн ушул нааразычылыктар чыгып олтурбайбы. 
 
Менин нааразычылык арызыма берген академиктердин жооптору, коомдук илимдер бөлүмүндөгү өткөрүлгөн шайлоонун деӊгээли, ж.б. боюнча буюрса дагы жазам. Акырында ажобуз С.Н.Жапаровго чейин чырылдап, чындыкты жеткирүүнү зарыл деп эсептейм. 
 
КРнын Президенти Урматтуу С.Н.Жапаровдун «Инсандын руханий адеп-ахлактык  өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» атайын чечимин  ишке ашырууга иштиктүү колдоо көрсөтүүнүн ордуна Академиядагы академик жана корреспондент-мүчөлөрдү шайлоонун адеп-ыймансыздык жана мыйзамды одоно бузуу менен өтүшүнө  үн катпай, “хоп майли” деп, нааразы болбой, ыраазы болуп отура беришибиз керекпи?
 
Лайли Үкүбаева
Филология илимдеринин доктору, профессор.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө
эмгек сиӊирген кызматкер, КРнын Илим жана
техника иштер Касым Тыныстанов
атындагы Мамлекеттик сыйлыгынан ээси.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter