У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кемин районундагы токойдон өрт чыкты


Кемин районундагы токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
 
Маалыматка ылайык, 7-сентябрь күнү болжол менен саат 16:25те Чүй облусунун Кемин районундагы Кайыңды айылынын Көк-Жар токойунда өрт чыккан.
 
8-сентябрь күнү эртең менен өрттү өчүрүү үчүн 60 чукул куткаруучу тартылган. Мындан сырткары жана токой чарба кызматынын 25 өкүлү жана жергиликтүү тургундар жардам беришүүдө.
 
7 -сентябрь күнү кечинде өрттүн жалпы аянты 40 гектарга жакын экени кабарланган. Учурда өрттү өчүрүү аракеттери жүрүүдө. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter