У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Өз батиринде катуу сабалган аял эсине келбей ооруканада көз жумду


Бишкекте 4-кичи райондогу өз батиринде катуу сабалган бишкектик аял ооруканада эсине келбей каза болду. Кылмышка шектүү катары маркумдун чогуу жашаган адамы кармалды. Бул тууралуу Октябрь районунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
 
Маалыматка ылайык, окуя 26-августта болгон. Маркум чогу жашаган кишиси менен чырдашып, ал маркумду катуу сабап салган. Маркум алган жараатынан улам эсине келбей, ооруканада көз жумган. 
 
Милицияга 26-августта О.С. аттуу 40 жаштагы аял башы жарылып, кабыргасы сынып Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна түшкөнү тууралуу маалымат келген. Ооруканага барган милиционерлер маркумдун 4- кичи райондогу батиринде чогуу жашаган кишиси менен чырдашкандыгын аныктаган.
 
Бул факт КЖБРине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү ("Денеге байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген оор залал келтирүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.
 
Кылмышка шектүү катары маркум менен чогуу жашаган 50 жаштагы К.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
 
Экспертиза дайындалып, тергөө уланууда.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter