У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Окуучулар мектепте беткап тагынууга милдеттүүбү? Министриликтин жообу...


 Жаңы окуу жылынан баштап мектептерде беткап тагынуу милдеттүү эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева маалымат каражаттарына билдирди.
 
Анын айтымында, мектепке кирерде окуучулардын дене табын текшерүү, санитардык эрежелерди сактоо талап кылынат.
 
«Биринчи кезекте гигиенаны жана санитардык эрежелерди сактоо зарыл. Маска тагынуунун да өзүнүн эрежелери бар. Беткапты ар бир эки саатта алмаштырып туруу зарыл. Ал эми окуучулар бир беткапты бир жума тагына бериши мүмкүн. Мунун көзөмөлдөө кыйын. Ошондуктан биз беткап тагынууда сунуштама гана берип жатабыз”, - дейт Гүлшан Абдылдаева.
 
Бишкек шаарынын мэриясы мектептерде окуучулардын көптүгүнө байланыштуу аралыкты сактоо үчүн класстарды бөлө албай турганын билдирди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter