У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Буттагы шишик кандай оорудан кабар берет? Дарыгердин жообу…


 Бутта шишиктин пайда болушу бөйрөк жана жүрөк -кан тамыр ооруларынан кабар бериши мүмкүн. Бул тууралуу терапевт жана диетолог Елена Черненко билдирди.
 
 Анын айтымында, эгерде шишик тез жана биринчи жолу пайда болгон болсо, анда тезинен терапевтке кайрылуу керек. Ал кошумчалагандай, веналык шишик пайда болгон учурда хирург же флеболог менен кеңешүү талап кылынат.
 
«Улгайган адамдар бул көйгөйгө өзгөчө көңүл буруусу керек. Эгерде бир гана бутта шишик бар болсо, анда тез жардамды чакыруу керек. Анткени мындай симптомдор буттун кан тамырларында тромбдун пайда болушунан кабар бериши мүмкүн»,-  деди терапевт.
 
Буга чейин дарыгер жана телеалпаруучу Александр Мясников көздүн астында же бутта шишик ден соолуктун олуттуу көйгөйлөрүнөн кабар берерин айткан.
 
Анын айтымында, биринчи кезекте оорунун себептери менен күрөшүү керек. Буларга бөйрөк, жүрөк же боор оорулары, ошондой эле кээ бир дарыларды кабыл алуунун терс таасирлери кирет: ооруну басаңдатуучу каражаттар, гормоналдык дарылар жана гипертонияны дарылоодо колдонулуучу дарылар. Мындан тышкары, тузду ашыкча колдонуу шишикти пайда кылышы мүмкүн.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter