У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун жакындарына дагы деле батир бериле элек


 Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун туугандары дагы деле мамлекет тарабынан берилген батирди ала элек. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев фейсбук баракчасына жазды.
 
Анын айтымында, жакын арада бул үй -бүлөгө Бишкектен батир бөлүнөт. 
 
Ал тиешелүү тапшырманы 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында Садыр Жапаров бергенин эске салды.
 
 
Ошондой эле ал, шаар мэриясындагы айрым кызмат адамдарынын жоопкерчиликсиз мамилесинен улам бул маселе өз убагында чечилген эместигин жана бул маселе мамлекет башчысынын жеке көзөмөлүндө экенин кошумчалады.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter