У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Балыкчыдан жоголгон алты жашар кыз Чүйдөн табылды


Балыкчыда жоголгон алты жашар кыз Чүйдөн табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, Балыкчы ШИИБисине Чүй облусундагы Новопокровка айылынын 30 жашар тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 6 жашар кызы дайынсыз болуп жатканын билдирген. Анын айтканына караганда, ал Балыкчы шаарындагы 41 жаштагы жарандык никедеги күйөөсүнө келген. Алар спирт ичимдиктерин ичип жаткан учурда үйгө жакшы тааныш эмес келин келип, алардын мастыгынан пайладанып арыз ээсинин кызын белгисиз тарапка алып кетип калган.
 
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө кызды алып кеткен келин туруктуу жашаган жери жок 24 жаштагы С.К. экени жана анын Чүй облусундагы Спартак айылында жүргөнү аныкталган. 
 
«Милиция кызматкерлери айылды кыдырып, кичинекей кызды үйлөрдүн биринен табышкан. Кыз энесине аман-эсен өткөрүлүп берилди. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында тергөө амалдары жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter