У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кант диабети менен ооругандар эмдөөдөн өтсө болобу? Дарыгердин жообу…


 2021 -жылдын январында Кыргызстанда кант диабети менен ооруган 71,5 миң адам катталган. Бул тууралуу эндокринология борборунун жетекчиси Кайыргүл Жоошбаева брифингде билдирди.
 
Анын айтымында, бул расмий катталгандардын саны, катталбаган бейтаптардын саны үч эсе көп болушу мүмкүн.
 
"Кант диабети менен ооруган адамдардын коронавирус илдетинен каза болуу коркунучу жогору. Диабет коронавирус инфекциянын оор өтүшү боюнча экинчи орунда, биринчи орунда - жүрөк -кан тамыр системасынын оорулары турат. COVID-19га каршы иммунитет оорунун учурунда же эмдөөдөн кийин иштелип чыгат. Эмдөө кант диабети менен ооругандарга да көрсөтүлөт. Эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр - бул вакцинанын курамындагы кайсы бир компонентине жогору сезгичтик, аллергиялык реакциялар же анафилактикалык шок», - деди Кайыргүл Жоошбаева.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter