У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айжамал Арыкова, медайым: Кызыл зонада иштеп жакыныӊа жардам бере албаган эӊ жаман экен


 №1 шаардык оорукананын шашылыш хирургия бөлүмүндө иштеген,1-категориядагы медайым Арыкова Айжамал өз кесиби, бир жылдан бери келе жаткан коронавирус менен күрөш туурасында айтып берди. 

 - Медицина тармагын тандап алууӊузга эмне себеп болду эле?
- Медицинага апама таасирленип келип калгам десем болот. Апам айылда фельдшер болуп иштеп пенсияга чыккан. Кичинекей кезимде эле ийне сайган кызык болуп, ооруп жаткан адамдарга жардам бергим келчү. Бала кездеги кызыгуум менин медайыма болушума өз салымын кошту окшойт.

- Акыркы бир жылдан ашуун убакыт медицина кызматкерлери үчүн өтө оор болду. Ушул учурларда медайым болгонуңузга өкүнгөн жоксузбу?
- Ооба, коронавирус инфекциясы биздин өлкөдө катталган учурдан тартып, биздин медицина оор күндөрдү башынан өткөрүп, медкызматкерлер болгон күч-аракеттин ажал менен арбашкан бейтаптарды сактап калууга жумшап жатышты. Канчалык оор болбосун, кыйын күндөрдө да медайым болгонума бир күн да өкүнгөн жокмун. Кайра кесип тандоо мүмкүнчүлүгү болсо, эч ойлонбой эле медицинаны тандамакмын.  

- Ковид менен күрөшүүдө оор болдубу?
- Былтыр июль айы оор эле болду. Көп жоготууга учурадык. Алардын арасында мыкты медкызматкерлер да болду. Бул өтө өкүнүчтүү… Бирок адам бардык нерсеге көнөт экен. Биз дагы бир жылдан ашуун убакыттан бери ар бир толкунда иштеп коронавируска да көндүк окшойт. 

- Коронавирус менен ооруган биринчи бейтаптарды дарылоодо жуктуруп аламбы деген коркунуч болду беле?
- Албетте коркунуч болду. Өзүмдөн биринчи үйдөгү ата-энемди, жакындарымды ойлодум. Кызыл зонага биринчи кирип жатканда үйгө вирус жуктуруп барсам, ата-энем ооруп калса эмне болот деген коркунуч жаралды. Бирок болбой эле оору жукту, ооругандан биздин үй-бүлө да четте калган жок. Бул илдеттен атабызды жоготуп алдык. Кызыл зонада иштеп жүрүп жакын адамыӊа жардам бере албай калган эӊ жаман экен. Эми азыр вакцина алып жакшы болду. 

- Кайрат кылыӊыз, арты кайрылуу болсун. Учурда ооругандар азайып калдыбы?
- Негизи эле 3- толкунда чоӊ жоготуу болду. Атабыз да ошол учурда каза болду. Бул биз үчүн эӊ оор күн болуп калды… Бирок айла жок, башка түшкөн кайгыны көтөрүүгө, кабыл алууга аргасыз экенбиз. Айрым учурда алсыз болуп, адамдарды сактай албай калабыз. 
   Учурда оору азайып кызыл зона жабылып,өзүбүздүн ишибиз менен иштеп жатабыз. Оору-сыркоодон алыс болуп, тынч заманда жашасак экен деп эле тилеп калдык.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter