У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ат-Башыда жол кырсыгынан бир адам каза болуп, экөө жаракат алды


     Нарын облусунун Ат-Башы районунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
 
Анын айтымында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 407-чакырымында Ford Mondeo унаасынын айдоочусу жолдон чыгып, рулду башкара албай калып, оодарылып кеткен.
 
Кырсыктын кесепетинен 35 жаштагы жаран ошол жерден каза болгон. Дагы эки эркек ар кандай жаракаттарды алышкан. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген, жабырлануучулар аймактык ооруканага жеткирилген.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter