У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата Мамлекеттик тил комиссия сынак жарыялайт


«Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» аталышындагы макалалар сынагынын  
 ЖОБОСУ
 
I. Жалпы жоболор
 
1.1. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” №1 Жарлыгын жүзөгө ашыруу алкагында сынакты өткөрүүнүн тартибин жана шарттарын аныктайт. 
 
1.2. Сынактын уюштуруучусу – КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия, КР Энциклопедия жана терминология борбору.
 
II. Сынактын максаты 
 
Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү.
Жарандардын мекенчилдик, атуулдук активдүүлүгүн көтөрүү.
Жарандык коомдун жашоо тиричилигенде мамлекеттик тилдин ролун жогорулатуу, о.э. кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын калыптандыруу жана өнүктүрүү.
Жаштарды мекенчилдикке үндөө жана тарбиялоо.
руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктар, өзгөчө өсүп келе жаткан муундун руханий-адеп-ахлактык абалына камкордук көрүү, анын жаратман чыгармачылыгын колдоо, сергек жашоо ыңгайын жана үй-бүлө баалуулуктарын пропагандалоо;
жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, салттуу болгон үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоону өздөштүрүү, Кыргызстан элдеринин маданияттарынын дөөлөтүн, кайталангыстыгын жана бирдиктүүлүгүн чагылдырган жалпы адамзаттык баалуулуктардын системасына өтүү аркылуу жарандарды тарбиялоону колдоо.
 
III. Сынактын катышуучулары 
 
3.1. Сынакка жаш курагына жана кесибине карабай, бардык каалоочулар катыша алышат.
 
3.2. Сынак республикалык басма сөз беттеринде, социалдык тармактарда 2021-жылы жарык көргөн жаңы макалаларга жарыяланат. 
 
IV. Сынактын шарттары
 
4.1. Макалалар эки багытта кабыл алынат:
 
1) Илимий макалалар 5-8 бет;
 
2) Публицистикалык макалалар 3- 6 бет.
 
4.2. макалалардын багыты болжолдуу түрдө төмөндөгүдөй болуусу зарыл:
 
Улуттук баалуулуктарды сактоо, өнүктүрүү жана жайылтууда мамлекеттик тилдин ролун, маанисин ачып берүү, инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүндөгү алардын өз ара тыгыз байланышын талдоо, коомчулукка жеткирүү маселелерин чагылдыруу:
 
Илимдин бардык тармактарында активдүү кабыл алынып жаткан терминдер жана аталыштар боюнча анализ жүргүзүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн учурдагы көйгөйлүү маселелерин талдоо, аны чечүү жолдорун аныктоо, жарандардын мекенчилдик, атуулдук активдүүлүгүн көтөрүү.
 
Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук кандуу иштеп кетишинде терминдердин маанисин, кыргыз тилинин тармактык, улуттук терминологиясынын калыптануу маселелерин талкуулоо, талдоо жана чагылдыруу:

эл аралык терминдерди которуу принциптери;

кыргыз тилиндеги терминдерди унификациялоо маселелери;

тармактык терминдерди иштеп чыгуу, колдонууга киргизүү көйгөйлөрү ж.б.

Руханий-адеп-ахлактык, маданий баалуулуктарды кылымдан-кылымга коомчулукка жеткирүүдө тилдин ролун ачып берүү. 

Улуттук баалуулуктарды сактоо, өнүктүрүү жана жайылтууда тилдин ролун, маанисин ачып берүү, инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсүндөгү алардын өз ара тыгыз байланышын талдоо, коомчулукка жеткирүү маселелерин чагылдыруу.

Илимдин бардык тармактарында активдүү кабыл алынып жаткан терминдер жана аталыштар боюнча анализ жүргүзүү, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн учурдагы көйгөйлүү маселелерин талдоо, аны чечүү жолдорун аныктоо. 
 
Кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары толук кандуу иштеп кетишинде терминдердин маанисин, кыргыз тилинин тармактык, улуттук терминологиясынын калыптануу маселелерин талкуулоо, талдоо жана чагылдыруу. 
 
4.3. Текст Word программасы менен басылып, электрондук жана кагаз түрүндө берилиши керек. Тексттин шрифти - Times New Roman. Шрифтин өлчөмү – 14 кегль. Саптардын аралыгы - 1,5. Барак жээктери: үстү – 25 мм, асты – 25 мм, сол жагы – 25 мм, оң жагы – 25 мм, кызыл сап – 10мм. Текст туурасына карата түздөлөт.
 
4.4. Сынактын катышуучусу өзү тууралуу маалыматты төмөндөгүдөй үлгүдө толтурууга тийиш.
Аты-жөнү
Иштеген же окуган жери
Окумуштуулук даражасы жана наамы (эгер болсо)
Макаланын түрү (илимий, публицистика)
Телефондору
E-mail
 
4.5. Макала 2021-жыл ичинде басма сөз беттеринде, социалдык тармактарда жарык көргөндүгүн тастыктоо иретинде PDF же JPEG форматында тиркелүүсү кажет.
 
4.6. Макалалар 2021-жылдын 2-августунан 2-сентябрга чейин көрсөтүлгөн электрондук дарекке кабыл алынат.
 
 V. Сынактын жыйынтыгын чыгаруу
 
5.1. Атайын түзүлгөн калыстар тобу жарык көргөн макаланын актуалдуулугун, маани-мазмунун, сабаттуулугун, аналитикалык көз карашын баалоо менен сынактын жыйынтыгын чыгарат. Мыкты деп табылган макалалар Улуттук комиссиянын сайтына, “Кыргыз тили” газетасына, “Кыргыз терминологиясынын маселелер” журналына, социалдык тармактарда жарыяланат жана жеңүүчүлөргө атайын белектер берилет. 
 
Байланыш телефондору: 0312 315773, 0312 316460, 0555408162, 0553 653501, 0551 996504.
 
Электрондук дареги: mamtil-makala@mail.ru.
 
Дареги: Бөкөнбаев көчөсү, 182.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter