У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мекке жана Медина шаарларына 24 сааттык коменданттык саат киргизилди


Сауд Арабиясында апаат вирусту 2000ге жакын адам жугузуп алды жана анын ичинен 20дан ашууну көз жумду. Мындай жоготуудан улам өлкө бийлиги Мекке жана Медина шаарларына 24 сааттык коменданттык саат киргизди. Башында коменданттык саат түшкү үчтөн таңкы алтыга чейин гана болчу.

Ошондой эле падышалык  кыйчалыш кырдаалга байланыштуу дүйнө мусулмандарын ажылык сапарга барууну пландабай турууга чакырды.
Негизи быйылкы ажылык сапары июль айынын аягында башталмак. Жыл сайын бул маалда Жер жүзүнөн эки жарым миллиондой мусулман Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барат.

Сауд Арабиясы башка мамлекеттердей эле вирустун алдын алуу максатында февраль айында эшигин жапкан. Бирок чектөө киргиче барып алган жарандар вирусту жуктуруп алууга үлгүрүштү. Кыргызстанда да алгачкылардан болуп жуктурган 3 жаран кичи ажылыктан келген. 
Меккеде беткапчан жүргөн зыяратчылар. 27-февраль, 2020-жыл.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter