У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Илимдер Академиясында шайлоонун ашмалтайы чыгып жатабы?!.


 Урматтуу Мурат Садырбекович, 
4-октябрда өлкөдө шайлоо болуп, мурунку президент Сооронбай Жээнбеков куулду, андан соң Бишкек шаардык депутаттардын шайлоосу болуп ал да жокко чыкты. Экинчи шайлоо да толук кандуу бүтө элек! 

Бүгүн ушул шайлоолорду көрүп туруп, сиз баштаган илимдер академиясы да четте калбай, шайлоонун шайтан оюндарын уюштуруп жатканынызга жол болсун!

Быйылкы академик жана мүчө-корреспонденттердин шайлоосунда:
1. Акча 
2. Жердешчилик
3. Бийлике жагынуу болуп жатканы айтылып, нааразычылыктар күч! 

Сиз президиумдун мүчөлөрүн толук чакырбай жашыруун өткөргөн жыйында, коомдук илимдерге техниктерди, ортопедди кошуп, жердешчиликке басым жасадыӊыз! Академикке, мүчө-корреспонденткке талапкерлердин арасында 5 китеп, 50 макаласы бар, же болбосо кече эле жаңы профессор болгондору да жүрөт! Арасында бир кандидатка жетекчи болбогондор бар, уялгыла урматтулар! 

Жаңы жазылган Конституциянын мүчөлөрү уялбай эле академик болобуз деп жаткан чагы. Алардын илим чөйрөсүндө эмнеси бар? Чыгарган кандидат, докторлору барбы? Профессорлугун жакында эле алгандар кантип мүчө-корреспондент болгону жатышат? 
Бүгүн профессор алса, эртең мүчө-корреспондент, бүрсүгүнү академикпи? Силер саясат деп атып, илимди өлтүрдүңөр! 
Бул шайлоо жердешчилик, акча, жакын санаалаштык менен башталды. Жыйынтыгы жакшы болбойт! Жок дегенде илим жаатында тынч бололучу!

Бул кылганыңызды баары эле билишет экен... Токтотуңуз, илим саясатташпашы керек!

Мына Улуттук китепканынын жетекчиси профессорлугун жакында эле алган. Мүчө-корреспондент болом деп шымаланып жүрөт. Койчуманова деген да мүчө-корреспонденттике баратат. 1 кандидат же бир доктор чыгарган эмес. 50 макаласы, 5 китеби бар. Ал макала жөнөкөй кандидатта деле бар. Бөрүбашев болсо болгону жаңы Конституциянын авторлорунун бири.

Анан ушуларды түртмөлөп илимдин ашмалтайын чыгарган туура эмес жосун да. Кичине ойлонуш керек го? 
Жердешчилике басым жасап, бир топ башаламан иштерди жасагандан мамлекет, илим тармагы өнүкпөйт.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter