У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 6 жаштагы бала 11-кабаттын терезесинен кулап, каза болду


Бишкекте  көп кабаттуу үйдүн терезесинен 6 жаштагы бала улап кетип, бир күндөн кийин каза болду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. 

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-июнда Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө болгон. Саат 20:15 чамасында шаардык балдардын клиникалык ооруканасынан милицияга 2016-жылы туулган бейтап И.Ш. аттуу бала тууралуу маалымат түшкөн. Билдирүүдө бала баш мээси чайкалып, ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилгени айтылган. 

Бүгүн, 29-июнда саат 10:45 чамасында алган жаракаттарынан улам бала эсине келбей, жанданыруу бөлүмүндө каза болду. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter