У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Россия Кыргызстанга эки тик учак жана өрт өчүргөн 80 автоунаа берет


Россия жакында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эки тик учак берет. Бул тууралуу  министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, ӨКМдин техникалык жөндөмүн жогорулатып, атайын техника алуу үчүн Россия менен Кыргызстандын ортосунда 20 миллион долларга келишим түзүлгөн.

"Келишимдин жыйынтыгы менен август айынан тарта Кыргызстанга 80ден ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдуулар кайтарымсыз негизде алып келинет", — деп айтылат маалыматта.

Министр, мындан сырткары, 2021-жылдын аягына чейин Кытай Кыргызстанга грант түрүндө 6 мобилдик госпиталь жана 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника бере турганын айткан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter