У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Кеминде кечээ, 21-июлда 16 жаштагы кызды кыйнап өлтүрүп, сөөгүн токойго ыргытып салган 42 жаштагы киши кармалды


Кеминде 16 жаштагы кызды кыйнап өлтүрүп, сөөгүн токойго ыргытып салган деген шек менен 42 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 21-июнь күнү, болгон. Саат 17.30да Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, кызы түшкө чейин эле үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан. Ал эми ага 15 мүнөт калганда, тагыраагы, саат 17.15те милицияга токойдо бойго жете элек кыздын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат жеткен.

Жерине барган милиция кызматкерлери ал энеси издеп жаткан 16 жаштагы кыздын сөөгү экенин аныктап, аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесине ("Адам өлтүрүү") ылайык каттоого алынган.
Милициянын маркумдун энесинин көрсөтмөсүнө таянып билдиргенине караганда, кыз мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн эртең менен үйдөн чыгып кеткен. Саат 11лер чамасында коңшусунун телефонунан чалып, анын үйүндө сугат иштери бүткөндөн кийин келерин кабарлаган.

"Кыз апасына чалып алуу үчүн кошунанын телефонун, андан кийин акча сураганы айтылат. Ошол маалда ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кызга асыла баштаган. Качан гана өспүрүм кыйкыра баштаганда коркуп кетип, аны муунтуп салган. Кийин сөөгүн токойго жеткирүү үчүн башка коңшусунун автоунаасын алган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Көп өтпөй укук коргоочулар шектүү катары 42 жаштагы кишини кармады. Ал мурда ээнбаштык жана алдамчылык фактылары менен бир нече жолу соттолгону аныкталган.
Учурда шектүү Кемин райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter