У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бир киловатт саатына 1 сом 9 тыйын. Светке болгон жаңы тарифтин баасы коомдук талкууга коюлду


Энергетика жана өнөр жай министрлиги министрлер кабинетинин 2021-2025-жылдарга электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга койду. Мындай маалымат министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Андагы маалыматка ылайык, 2021-жылдын сентябрь айынан баштап электр энергиясына болгон баа бир киловатт саатына 1 сом 9 тыйындан эсептелип баштайт. Эгерде миң киловатт сааттан ашса, анда 2 сом 52 тыйындан эсептелет.

Мындан тышкары талкууга коюлган токтом долбоорунда ишканалар, социалдык жана балдар мекемелери жана башка үй-бүлөлүк эмес керектөөчүлөр үчүн атайын тариф иштелип чыккан.
Учурда жарандар электр энергиясынын бир киловатт саатына 77 тыйындан төлөшөт.
,


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter