У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


"12 миң доллар талап кылган". Милиция кызматкери миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалды


Бишкекте опузалап пара алуу фактысы боюнча милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-май күнү ИИМге У.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда опузалап пара талап кылып жаткан милиция кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренеси "опузалап пара алуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Териштирүүнүн жүрүшүндө, жогорудагы кызматкер сотко чейинки өндүрүштү оң жагынан чечип берүү үчүн 12 миң долларын талап кылганы аныкталган.
31-май күнү ИИМдин кызматкерлери жүргүзгөн иш-чаралардын натыйжасында, Бакаев менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 1000 доллар алып жаткан учурда ИИМдин күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкери, милициянын улук сержанты А.А. кармалды. Мындан сырткары баңгизатты пайдалангандыгын тастыктоо үчүн күбөлөндүрүүдөн өткөрүү учурунда ал баңгизат пайдалангандыгы аныкталды. Учурда мындан аркы иликтөөнү УКМК жүргүзүп жатат", - деп билдиришти Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter