У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Караколдо 10-16 жаштагы бир тууган эже-сиңдилер дайынсыз болууда


Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын милициясы дайынсыз жоголгон өспүрүм кыздарды табууга жардам сурайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 29-май күнү Каракол ШИИБине 47 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылып, 28-май күнү саат 10:00 чамаларында кыздары 2005-жылы төрөлгөн Аделя Сапарахунова жана 2011-жылы туулган Мырзайым Сапарахунова үйдөн чыккан боюнча кайра кайтып келишпегенин билдирген.

Ошол эле учурда улуу кызынын уюлдук телефону өчүк экенин билдирген.

Аделя Сапарахунованын белгилери: Бою 155-160 сантиметр, дене түзүлүшү арык чырай, чачы кара, көздөрү жана каштары кара. Кийген кийими: Узун көйнөк, жынсы күрмө, ак түстөгү кроссовка. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Мырзайым Сапарахунованын белгилери: Бою 130-140 сантиметр, дене түзүлүшү арык чырай, чачы кара, карэ кыркылган, көздөрү жана каштары кара. Кийген кийими: Чакмак узун көйнөк. Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.
Өспүрүм кыздарды тааныган жана алардын азыркы учурда турган жерин аныктоого жардам бере турган адамдар Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө төмөнкү телефондор аркылуу кайрылса болот.
Байланыш телефону: (03922) 5-13-80, 5-84-13, 0701549102 же 102



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter