У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айзаданы ала качкандардын бирөөсүнүн эжеси: "18 жаштагы инимди 4 бала сабап, ала качууга катыштырышкан. Ал айыпталуучулардын бирин да тааныбайт"


Бүгүн, 27-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча биринчи соттук отурум болуп өттү.

Аталган кылмышка катыштыгы бар депи 5 айыпталуучунун иши каралып жатат. Алар: Сыймык Молдосариев, Токон уулу Кубаныч, Рысбай уулу Ажыкабыл, Замирбек Раманкулов, Орузбек Нурумбетов. Булар Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевге жардам беришкен деп шектелишүүдө. 

Айыпталуучулардын биринин эжеси 18 жаштагы иниси мурда-кийин Айзаданы өлтүргөн баланы тааныбайт экенин билдирип, бул ишке ал мажбурлоо менен катышып калганын айтты.

"Мен Молдосариев Сыймыктын эжеси болом. Иним 18 эле жашта. Ал Нарын облусунан болот. Ал ошол окуя болоор түнү Нарындан Бишкекке автобус менен келген. Аны вокзалдан айыпталып жаткан 4 бала кармап алып, акчасын алып, телефонун ломбардга коюп, өзүн окуя болгон жерге ээрчитип барган. Анан ары ошол балдардын башкаруусунда жүрө берген. Андан кийин аны кыз ала качууга мажбурлашкан.
Иним кызды ала качкан видеодо жүрөт. Ал эшиктерди ачып берген. Ал нес абалда жүрө берген. Биздин бала тигил айыпталып жаткандарды тааныбайт. Алар кызды ала качкандан кийин вокзалдан кайра аны ташап коюшкан. Андан кийин ал кайра Нарынга келе берген. Андан кийин милиция кызматкерлери инимди он күндөн кийин кармап кетишти. Айзаданын апасынан кечирим сурайбыз. Ал студент, экзамендери башталды.
Бул 4 бала инимдин телефонун ломбардга алып барганда, коду бар экен деп албай коюшуптур. Иним аны сатып, башка телефон алмак экен.
Үйдө апам, байкем 2-чи топтогу майып. Иниме дагы соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгында дагы акыл эсинде маселе бар деп чыгарышты", - деди айыпталуучунун эжеси.


Ишти судья Салтанат Эсенкулова карап жатат. Судья айыпталуучуларды өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу сот залына алып келе албай турганын, алар сотко СИЗО-1ден онлайн катыша турганын айтты. Ал эми бүгүнкү соттук отурум, айыпталуучулардын биринин жактоочусу келбей калгандыгына байланыштуу 11-июнга жылдырылды.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter