У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 15 жаштагы өспүрүм көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап, каза болду


 Бишкекте 15 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түшүп, каза болду. Бул тууралуу борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, милицияга 20-май күнү саат 11:00 чамасында Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн терезесинен өспүрүм кулап түшүп каза болгону тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу тарабынан 15 жаштагы А.Р. белгисиз жагдайлардан улам турак үйдүн 16-кабатынын балконунан кулап кеткени тастыкталган. Келген Тез жардам кызматынын дарыгерлери анын каза болгонун билдиришкен.
 
Аталган факт КЖБРине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter