У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин онлайн форматтагы жыйынына катышат


Бүгүн, 21-майда президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин видеоконференция форматында өтө турган кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин төрагалыгы астында өтө турган жыйында ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына аткарылган иштердин жыйынтыгы, анын ичинде бирликтин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу, ЕАЭБдин 2020-жылдагы эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын ишке ашыруу тууралуу жана башка бир катар баяндамалар угулат.

Мындан сырткары кеңештин мүчөлөрүнүн мүчө мамлекеттердин 2021-2022-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттарын, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанцияларды чыгаруу жаатында кызматташуу жана интеграциялык процесстерди тереңдетүү чөйрөсүндөгү башка маселелерди кароосу күтүлүүдө.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча, бир катар чечимдер кабыл алынат.




Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter