У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Нуржан Шайлдабекова президенттен Оштогу шайлоону кайра дайындоону өтүндү


Борбордук шайлоо комиссиясы массалык мыйзам бузуулар катталганын жүйө келтирип, Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мындан улам Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова президент Садыр Жапаровдон кайра шайлоо дайындоону өтүндү.

Ал шайлоо маалында кызмат адамдары добуш берүү процессине кийлигишкени, административдик ресурс колдонулганы, үгүт иштеринде, добуш берүү учурунда, имараттан сырткары добуш берүүдө мыйзам бузуулар аныкталганын билдирди.

“Мунун баары жарандардын эркин добуш берүүсүнө көзгө урунарлык таасир этет, добуш берүүнүн жыйынтыгын так аныктоону кыйындатат. Ошондой эле шайлоо процессинин негиздерине жана добуш берүү укугунун принциптерине каршы келет. Мындай мыйзам бузуулар көп санда катталгандыктан шайлоого болгон ишенимди ажыратат”, — деди Шайлдабекова. 

Буга байланыштуу БШК Ош шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табуу боюнча токтом чыгарды. Ага ылайык, кимдин иш-аракети жыйынтыкты жокко чыгарууга түрткү болсо, ошол талапкер кайра шайлоого катыша албайт.
Мындан сырткары, Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жоопкерчилигин кароо чечими чыккан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter