У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Ассоль Молдокматова ырчыларды балконго чыгарып ырдатууда

Белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова карантин убагында ырчыларды балконго алып чыгып, ырдатып жатат. КР эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев экөө балконго чыгып ырдап жаткан видеосун өзүнүн баракчасына жарыялап, концерт карантин убагында иштеп жаткандарга арналганын жазып чыкты.

"Концертибиз кандай болду? Кыргызстандыктардын жүрөгүн, жан дүйнөсүн позитив ээлеп турсун деп аракет кылып жатабыз. Концерт медицина, милиция кызматкерлерине, дипломаттарга, чек арачыларга, ыктыярчыларга арналат. Биз бирге бардыгын жеңебиз. Кайрат Примбердиев рахмат, Кыргызстандыктар, коронавирусту бирге жеңебиз!", - дейт Молдокматова.



Өз кезегинде социалдык тармактын колдонуучулары "карантин убагында элди алаксытып жатышат", "Италия балконго чыгып ырдайбыз деп эмне болушту?", "Италияны туурабагыла, тескерисинче сабак алалы" деген өңдүү сын-пикирлерин тынымсыз калтырып жатышат. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter