У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Май айы ысык болот. Кыргызгидромет май айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты


Кыргызгидромет май айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.
Жаңырган айда республика боюнча абанын температурасы климаттык нормадан бир градус жогору болору айтылды. Ал эми жаан-чачындын нормасы Ысык-Көл облусунан (адаттагыдан көбүрөөк) башка аймактарда норманын чегинде болот.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормада болуп, +16…+18 градус жылуу болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2...+7 градустан 10…15 градус жылуулукка чейин, күндүз 15…20дан 25…30га чейин жылуу болот.
Кемин өрөөнүндө жана тоолуу райондордо түнкүсүн +3...+8, күндүз +12…+17ден +21…+26га чейин жетет.

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы +15…+17 градус болот.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +2...+7 градустан 8…13 градуска чейин, күндүз 14…19дан 24…29га чейин жылыйт.

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы +18…+20 градус, тоо этектеринде +14…+16 градус болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6...+11 градустан 12…17 градус жылуулукка чейин, күндүз 17…22ден 27…32ге чейин жылуу болот.
Тоо этектерине жакын аймактарда түнкүсүн +3…+8ден +10…+15ке чейин, күндүз +15…+20дан +25…+30га чейин жылыйт.

Жалал-Абад облусу


Абанын айлык орточо температурасы +18…+20, тоо этектеринде +14…+16 градус болот.Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6…+11ден +12…+17 градуска чейин, күндүз 14…19дан 24…29га чейин жылуу болот.
Токтогул районунда абанын табы түнкүсүн +5…+10дон +11…+16га чейин, күндүз +17…+22ден +24…+29 градуска чейин көтөрүлөт.

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы +18…+20, тоо этектеринде +14…+16 градуска жетет.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +6…+11ден +12…+17 градуска чейин, күндүз 17…22ден 27…32ге чейин жылуу болору божомолдонууда.

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы +11…+13 градус болмокчу.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +1…+6дан +7…+12 градуска чейин, күндүз 11…16дан 19…24кө чейин жылуу болот.
Айрым күндөрү Көл өрөөнүндө түнкүсүн үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Абанын табы -1...-3 градуска чейин түшөт.

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы +12…+14 градус жылуу болору күтүлүп жатат.
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +3…+8 градуска чейин, күндүз +12…+17ден +20…+25 градуска чейин жылуу болот.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter