У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


УКМК: "Пара талап кылуу фактысы боюнча эки тергөөчү кармалды"


Бишкекте пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү жана Аламүдүн РИИБинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнүн А.К. аттуу кызматкери менен Аламүдүн РИИБинин Д.Б. аттуу кызматкери өз кызыкчылыктары үчүн бир жаранга сотко чейинки иш бар деп кысым көрсөтүшкөн.
"Жогорудагы кызматкерлер сотко чейинки ишти токтотуу маселесин чече алышпагандыктан, опузалап талап кылуу фактылары ачыкталып кетишине жол бербөө үчүн кысым кылган жаранга 1 миң 500 долларын кайтарып берүүгө аргасыз болушкан. Калган 500 долларын кайтарып берүү учурунда Аламүдүн районунун ички иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсү кармалды", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-беренеси "опузалап пара алуу" менен катталып, тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter