У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Иманалиева Гүлзат, сулуулук жаратуучу: “Туура жасалган татуаж көпкө жүрбөш керек ”


Акыркы жылдары айымдар сулуулукка болуп көрбөгөндөй басымдуулук жасап баштаганын баарысынын коёндой окшош, укмуштуудай чеберчилик менен чийилген каштарынан баамдап калдык көрүнөт. Илгертеден эле элибиз көзү, кашы капкара татынакай кыз экен деп көзгө, кашка өзгөчө көңүл бурат эмеспи. Айымдарын табигый сулуулугун арттырып, күн сайын макияж жасоо түйшүгүнөн арылтып  каш, сурма, эриндерге татуж жазоо менен алектенип жүргөн  сулуулук жаратуучу Гүлзат Иманалиева менен маек курдук. 

  • Гүлзат, татуаж жасаткан айымды азыр ар кадам сайын жолуктуруп калбадыкпы. Баарыбыз эле жапатырмак жасатып жатабыз, терс таасирлерин сурагым келип жатат...
  • Татуаждын 2 зыяндуу жагы бар. Биринчиси, маселен оозго жасатаарда атайын алдын ала дары ичиш керек. Эгерде кардарды алдын ала даярдабаса оозго учук чыгып кетиши мүмкүн. Көзгө жасаганда да кылдаттык менен мамиле кылбаса көздүн терисин боек күйгүзүп коюусу толук ыктымал. Ошол себептен өтө кылдат, этият мамиле кылуу керек. Ал эми кашка татуаж жасоодо анчалык коркунуч деле жок.  Экинчи зыяндуу жагы болсо, сулуулук жаратуучулары кардардын келбетине ылайык келгендей формаларды таап, оозун, көзүн же кашын келбетке жарашкыдай кылып жасабаса адамдын өңүн бузуп алуусу толук мүмкүн. Жасаткан айым мактоо укпай эле тескерисинче жаман болуп калыптыр, эмнеге жасаттың деген сыяктуу сөздөрдү уга баштайт. Ал эми бул сөздөр айымдарга  өтө оор тиет. Сулуу кылбай эле кебетесин бузуп алсаң ошол адамга зыян келтиргениң да туурабы?.. Андыктан бул кесип өтө опурталдуу. 

  • Бул тармакта канча жылдан бери эмгектенесиз?
  • 12 жылдан бери иштеп келе жатам.

  • Демек ар бир айымдын келбетине кандай каш же ооз жарашаарын бир көрүп эле билсеңиз керек?
  • Аракет кылып келе жатабыз. Негизи татуаж жасоодо өңдөргө өзгөчө этият жана жоопкерчиликтүү мамиле кылуу керек. Мисалы көздүн, каштын өңү адамдын бет терисине төп келгидей тандалуусу керек. Ал  эми каштын формасы тууралуу айта турган болсок, негизи беттин 7 түрү болот. Ошол жети түргө жети башка каш чийилиши керек. Кандай бетке кандай форма чийүүнү жакшы өздөштүрбөсөң айымдардын келбетине туура келбей калышы мүмкүн. Байкайсыздарбы, кээде кашты жазаткандан кийин кээ бирөөнүн бети тоголок болуп же көзү шишиген сыяктуу көрүнүп калат. Бул каштын формасынын туура эмес тандалуусунун биринчи белгиси.  

  • Азыр кыздардын баарынын эле каштары окшош. Беттин баары эле каш болуп кетти деген пикирлер кеңири айтылууда...
  • Туура, калың каштарды айтып жатат көрүнөсүз. Ал корей каштары деп аталат. Аны көбүнчө жаштар чийдирип жатышат. Мындайча айтканда жаштар арасында хит болуп жатат десем жаңылбайм. Мындай каштар жашы ортолоп калган айымдарга жарашпайт. Улуу муун  андай жазатпайт, тескерисинче ичке кашты жактырышат. 

  • Каш жазагандар да абдан көп, эл кимисине ишенээрди билбей калды...
  • Туура айтасыз, тилекке каршы азыр чеберлер (мастер) аябай көбөйүп кетти. Бир аз эле окуп,   курстарды бүтө калып эле жасагандар андан көп. Алар беттин түрлөрүн, боектордун өңдөрүн билеби билбейби бир кудайга маалым. Кээ бирөөлөрлдүкү өтө көк же жашыл же өтө кара болуп кеткенин көрүп калабыз. Боёктордун сапаттарын да туура тандоо керек.  Органикалык, химикалык, перманент боёктору бар. Бул боёкторду кандай колдонууну жакшы билүү керек. Айтор сулуу болгусу келген айымдар   сиз айткандай жакшы чеберге гана кайрылбаса жапаа чегип калуусу толук мүмкүн. 


  • Татауж канча убакытка чейин сакталышы керек?
  • Ушул суроону көп айымдар беришет. Жарым жылга жетпей эле татуажым кетип калды деп кайрылгандар да көп. Негизи туура жасалган татуаж көпкө жүрбөш керек.  10 жыл көпкөк болуп жүргөнчө тез эле кетип калганы жакшы. Көпкө кетпеген татуаждарды лазер менен гана кетирүүгө туура келет. Ал эми лазер ден-соолукка өтө зыян. 
  • Фабула Пресс


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter