У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Адам уурдоого шектелген үч жаран кармалды


Ошто адам уурдоого шектелген үч адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, 11-апрелде милицияга Ош шаарынын тургуну кайрылып, бир күн мурун Масалиев көчөсүндө саат 22.00 чамасында эркек киши аны унаага күчтөп салганын, унаанын ичинде дагы эки киши болгунун, алар аны ээн жерге алып барышып өлтүрөбүз деп коркутушканын айткан.
 
Факты Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси «Адам уурдоо» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган. «Mitsubishi» унаасынан адам уурдоого шектүү адам кармалган. Ал Алай районунун 38 жаштагы тургуну болуп чыккан. Бул кылмышка катыштыгы бар деп дагы эки киши кармалган. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 
 
Алдын ала маалыматтарга караганда, аялды уурдагандар андан акча өндүрүүгө аракет кылышкан. Уурдалган аял ишкердик менен алектенгени айтылды. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter