У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Жоголгон эки жашар наристенин энеси табылды. Ал буга чейин баласын балдар үйүнө өткөрүүгө аракет кылган


 Кечээ, 12-апрелде Бишкек шаарынын 3-кичи районундагы үйлөрдүн биринин короосунан табылган эки жашар баланын энеси табылды. Бул тууралуу борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Милициянын айтымында, аял укук коргоо органдарынын кызматкерлерине баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөткөн. Ошондой эле 22 жаштагы М. С., Чүй облусунда жашай тургандыгын, ал эми Бишкек шаарынын 3-кичи районуна туугандарыныкына конокко барганын, үйдөн чыкканда кызы ыйлап калып, ал эки жашар баласын короодо туруп тур деп басып кеткенин айткан.
 
«Азыр М.С. Октябрь районунун акимиатында, үй -бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери аны менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Андан кийин балдар үйүнө баласына барышат»,-деп билдирди милициядан. 
 
Тергөөнүн жүрүшүндө кечээ, 12-апрелде саат 15: 00дө баланын энеси Балдар жана үй-бүлөнү калыбына келтирүү борборуна (ымыркайлар үйүнө) келип, материалдык кыйынчылыктардан улам баласын балдар үйүнө өткөрүүнү сурангандыгы аныкталды. Эми уулун алып кетүү үчүн энеси мыйзамда белгиленген документтердин пакетин тапшырышы керек. 
 
Буга чейин борбор калаанын Октябрь районунун милиция кызматкерлери кечээ кечинде Бишкек шаарынын 3-кичи районундагы балдар аянтчасынан табылган баланын ата-энесин табууга жардам сурашкан.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter