У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Араванда эки унаа сүзүшүп, ортосунда жөө бараткан адам калып калды


Ош облусунун Араван районунда 26 жаштагы кыздын катышуусундагы жол кырсыгы иликтенүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ош облусунун Араван РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда 12-апрель күнү саат 11:30 чамасында ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү унаа түндүктөн түштүккө көздөй карама-каршы жолдо бара жатып, жолдун чыгыш тарабынын четинде токтоп турган Хюндай-Портер үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн.
Натыйжада жолдо бара жаткан Араван районунун Пахта-Абад айылынын 26 жаштагы тургуну автоунаалардын ортосунда калып, денесинен жараат алган. Жаракатынан улам Араван райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда бул окуя боюнча тийиштүү экспертизалар даярдалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter