У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Түркияда Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды


Түркия мамлекетинин Анкара шаарында жайгашкан ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун имаратында Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган фото жана сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев жана Кыргыз мамлекетинин Түркиядагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев катышты.

Көргөзмөдөн соң министр Кайрат Иманалиев Түркиянын жазуучу, окумуштуулары жана ТҮРКСОЙдун жамааты менен жолугушту. ТҮРКСОЙдун баш катчысынын орун басары Билал Чакыжы буга чейинки жасалган иштер жана 2021-жылы биргеликте белгилей турган иш-чаралар тууралуу маалымат берди.

Эске сала кетсек, Түркияда белгилене турган Касым Тыныстанов, Кусеин Карасаев, Эстебес Турсуналиев, Сүйүнбай Эралиев, Төлөгөн Касымбеков, Болот Миңжылкыев, Болот Шамшиев, Казат Акматов сындуу улут сыймыктарынын мааракелерине арналган иш-чаралардын планы талкууланды.
Министр өз сөзүндө ТҮРКСОЙ менен Түрк дүйнөсүнүн орток инсандарын таанытууга, маданияттар аралык тажрыйба алмашууларды жакшыртууга, фестиваль, форумдарды уюштурууга басым жасаларын айтты.
Андан соң Кайрат Иманалиев Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилигине барып элчи менен ар тараптуу пикир алмашты.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter