У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Улуттук статком: "Күйүүчү майлардын баасы өсүп жатат"


Улуттук статистика комитети тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча АИ-92 бензини жана дизель күйүүчү майынын баасына анализ жүргүзүлдү.

Комитеттин маалыматына ылайык, 8-апрелге карата АИ-92 бензинине болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 47,94 сомду түзгөнүн жана үстүбүздөгү жылдын март айына салыштырмалуу 9,2 пайызга өскөнүн көрсөттү, ал эми дизель күйүүчү майынын баасы 44,15 сомду түздү же дээрлик 6 пайызга жогорулады.

АИ-92 бензининин чекене баасы Баткен (бир литр үчүн 51,22 сом), Исфана (бир литр үчүн 50,91 сом), Кара-Суу жана Ноокат (бир литр үчүн 48,70 сом) шаарларында жогору болсо, бензинге болгон минималдуу баа Нарын шаарында (бир литр үчүн 46,40 сом), Балыкчы шаарында (бир литр үчүн 46,70 сом) жана Чаек айылында (бир литр үчүн 46,90 сом) катталды.
АИ-92 бензинине болгон баанын эң жогорку өсүшү өткөн айына салыштырмалуу Кара-Балта шаарында - 12,7 пайызга, Каракол шаарында - 11,1 пайызга жана Чаек айылында - 10,8 пайызга өскөнү катталды.

Ал эми дизель күйүүчү майынын чекене баасы Исфана (бир литр үчүн 47,83 сом), Баткен (бир литр үчүн 47,60 сом), Кербен (бир литр үчүн 44,75 сом), Кара-Суу (бир литр үчүн 44,70 сом) шаарларында жогорулаганы байкалып, ал эми минималдуу баалар Токмок (бир литр үчүн 42,45 сом), Каракол (бир литр үчүн 42,56 сом) жана Нарын шаарларында (бир литр үчүн 42,60 сом) катталды.
Дизель күйүүчү майдын бааларынын максималдуу өсүшү өткөн ай менен салыштырмалуу Жалал-Абад - 8,5 пайызга, Балыкчы - 7,9 пайызгы жана Талас - 7,8 пайызга өскөнү катталды.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter