У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айзада бир үйдүн жалгыз кызы болгон. Аны өлүмүнө шектүү мурда үч ирет соттолгон


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милициясы Бишкектеги көчөлөрдүн биринен уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө шектүү Замирбек Теңизбаев Россияда мурда үч жолу соттолгонун жана Айзада бир үйдүн жалгыз кызы болгонун билдирди. 
 
Маалыматка ылайык, шектүү биринчи жолу 2008-жылдын 20-мартында соттолгон.  Омск шаарынын Киров райондук соту аны 158-берене ("Уурулук") менен үч айга эркинен ажыраткан.
 
Экинчи жолу 2009-жылдын 26-ноябрында эки жылга Красноярск шаарынын Темир жол райондук соту тарабынан 61-берене ("Тоноо") кесилип, 2011-жылдын июнунда чыккан.
 
Үчүнчү ирет 2012-жылы 10-июлда 163-берене ("Карактоо") менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди Москванын Зеленоград райондук соту чыгарган. 
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter