У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Садыр Жапаров: "Айзаданын башына келген окуя жалпы мамлекетибиз үчүн чоң трагедия"


Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүмө алам. Бул иш аягына чыгарылышы зарыл жана жазасы сөзсүз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу айтты.

Мамлекет башчысы кыз ала качуу, зордоп кармоо менен аларды эркине койбой никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келерин белгилеген.

"Айзада Канатбекованын ала качылгандыгы жана анын өлүмү жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Коомубузда кыздарды мажбурлап никеге тургузуу дагы деле болуп жатканы кабыл алынгыс көрүнүш. Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн чоң трагедия. Ала качууга жана жарандарды күч менен кармоого салым кошкондор үчүн кечирим жок. Айзада Канатбекованы ала качып, ага ушунчалык ырайымсыз мамиле кылган кайгылуу окуя тарыхта ала качуунун акыркысы болушу керек", — деди Жапаров.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter