У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Айзада Канатбекованын өлүмү. Милиция окуя тууралуу маалымат берди


Ички иликтөө кызматы Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча иштеген милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттерин текшерүүнү дайындады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
 
5-апрелде милицияга Ш.Н аттуу жаран арыз менен кайрылган кайрылып,кызы Айзада Канатбекованы Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинин жанында уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган. Кызды кызыл түстөгү Honda Civic үлгүсүндөгү унаага күчтөп салып, белгисиз тарапка кетишкен.н
 
«Факт Кылмыштар жана Жоруктардын бирдиктүү реестерине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси боюнча катталды. Багыттамалар жөнөтүлүп, унаанын ээси, Н.К., аттуу жаран экени аныкталды, экинчи унааны ижарага алганганы маалым болгон. Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 35 жаштагы Т.З., өзүнүн тааныштары менен бир кызды уурдап кетишкени белгилүү болуп, «Honda Civic» автоунаасы Ак-Өргө  аймагы аркылуу батышты көздөй баратканы байкалганда, милиция кызматкерлери Сосновка айылындагы өткөрүү пунктуна маалымат берилген. Кылмышка шектүүлөрдү издөө иштери Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык аймагында жүргүзүлдү», - деп түшүндүрүштү ШИИБден.
 
Тергөө иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн алышкан, 5-апрелде саат 19.00 чамасында Айзада Канатбекованын апасы кызына чалган. Кызы апасына үйгө келем кабатыр болбогула деп билдирген. Саат 02.00 чамасында маркумдун апасы милицияга телефон чалып, кызы кайтып келбегенин айткан.
 
«Апасы менен сүйлөшкөндөн кийин кыздын телефону өчүрүлгөн. Маалыматтарга караганда, уурдаган адам менен Айзада Канатбекова төрт айга жакын убакыттан бери тааныш болушкан. Ал Айзада Канатбековага үйлөнө турганын тааныштарына көп айтчу», - деп билдиришти милициядан. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter