У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкектин көчөлөрүнүн биринен уурдалып өлтүрүлгөн кызды уурдоого шектүүлөрдүн бири кармалды


 
Бишкектин көчөлөрүнөн уурдалып өлтүрүлгөн А. Кны уурдоого шектелгендердин бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалыматка ылайык, ал 28 жаштагы Р.А. болуп чыкты. Аталган адам борбордун аймагында кармалганы такталды. 
 
«Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кызды уурдоого катыштыгы бар деп шектелген дагы эки шериктешинин толук маалыматтары аныкталды. Аларды кармоо боюнча ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп жатат», - деп билдирди ШИИБ.
 
Эске салсак, 5-апрелде борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен уурдалган кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаанын ичинен табылган. 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter