У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Мэрия: Бала бакчалардагы жана мектептердеги тамактар стандарттарга жооп берет


 Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бала бакчалардагы жана мектептердеги тамак-аштар бардык стандарттарга жооп берет деп билдирди. 
 
Буга чейин социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында №182 бала бакчадагы балдарга бериле турган тамак-аш коомчулуктун сынына кабылган.  Билим берүү башкармалыгынын адистери, ата-энелери менен биргеликте, окуя болгон жерге тактоо үчүн жерине барышкан.
 
 
Текшерүүнүн жыйынтыгында ал маалымат чындыкка дал келбей тургандыгы, №182 бала бакчадагы тамак-аш талапка жана эрежеге ылайык уюштурулгандыгы, идиш-аяктын массасы белгиленген стандарттарга жооп бергендиги, бардык азык-түлүктөрдүн тиешелүү документтери бар экендиги белгилүү болгон.
 
 


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter