У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Бишкекте 27 жаштагы кызды ала качып кетип, эки күндөн бери дайынсыз болууда


Бишкекте 27 жаштагы кызды ала качып кетип, эки күндөн бери дайынсыз болууда. Бул тууралуу кечээ, 6-апрелде жергиликтүү басылмаларга кыздын жакындары билдиришкен.
Анда кызды Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч бала кызыл түстөгү унаага салып кеткенин билдирген. Бул учур жанындагы кафенин видео байкоосуна тартылып калган.
Бул боюнча маалымат булактарына Биринчи Май райондук милициясынын маалымат кызматы төмөнкүлөрдү билдирди.

5-апрель күнү саат 07:30 чамасында 102 кызматына Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч белгисиз жаран кыз ала качып кетишти деген маалымат келип түшкөн.
Милиция кызматкерлери айтылган дарекке барып, маалыматты тактаганда 3 белгисиз адам 1994-жылы К.А. аттуу кызды Хонда унаасына салып, белгисиз тарапка кетишкени белгилүү болгон.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 175-берене "никеге туруу максатында адам уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Учурда кыздын жана аны ала качты делген жарандардын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүрүп жатат.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter