У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Активист Тилекмат Кудайбергенов 15-апрелге чейин камакта калтырылды


Бүгүн, 6-апрелде активист Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасы каралып, сот имаратынын алдында активисттин тарапташтары анын боштондугун талап кылып турушту. Бишкек шаардык сотунун чечими менен активист 15-апрелге чейин камакта калды.

Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматов билдирди. Айтымында, алар бул чечимге каршы дагы топтолушат.
"Тилекмат убагында Садыр Жапаров үчүн канын берип, боштондугун талап кылып жүргөн", - деди Молдокматов.
Кудайбергенов Конституциянын жаңы долбоорун жана бийликти сынга алып келген. Ал 9-мартта Бишкекте өткөн Жогорку Кеңештин таркашын талап кылган митингге катышкан.



Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter