У нас бесплатно модули и шаблоны DLE скачать Веб-шаблоны премиум класса бесплатно
 


Тагдыр: Мурда үйлөнүп, ажырашкан балага турмушка чыксам болобу?


Эки ача ойдо турам. Жигитим мурда үйлөнүп, ажырашканын экөөбүз бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшкөндөн кийин айтты. Бул кабар мен үчүн өтө оор тийди. Анткени анын бир жарым жаштагы уулу да бар экен. Бирок мурунку жубайы баласын таптакыр көрсөтпөйт экен.

Жигитимдин айтымында экөөнүн турмушунун бузулушуна келиндин ата-энеси күнөөлүү болуптур. Экөө жаңы үйлөнгөндөн тартып эле кыздын ата-энеси кийлигише берип, акыры кызын бузушуптур. Кыздын боюнда барда эле жашатпай алып кетип калышкан дейт жигитим. 
Жаман жери жигитим да, анын ата-энеси да баланы көрүп барышпаптыр. “Жарашууга мүмкүн эмес, баламды да көргөн эмесмин дейт” жигитим.
 
Менин оюмча бир тараптан эле күнөө кетпейт да, кантип эле жакшы жашап жатышса кыздын ата-энеси кызын алып кетип калсын? Кандай болгон күндө да эркек деген канынан чыккан баласын багышы керек да, бир да жолу көрбөй кантип жүрөгү чыдап жүрөт? Ушундай адамга кантип турмушка чыгууга болот? Колумду сураганынан элдин кеңешин угайын деп анонимдик кат жиберүүгө аргасыз болдум.


Пикир калтыруу
  • Бүгүн
  • Көп окулгандар
  • Талкуу
Соц.Тармак
  • Вконтакте
  • Facebook
  • Twitter